Жаздын алгачкы күнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт

Эртең, 1-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +8…+13;

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +8…+13;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;

Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.