1-марттан баштап өз маалында төлөмдөрдү жүргүзбөгөн жарандардын электр жарыгы өчүрүлөт

Түндүкэлектр ишканасы 2021-жылдын 1-мартынан баштап өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 5 миңден ашуун турмуш-тиричилик абонентинин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан улам мекеме жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырат.

Ал эми өз карыздарын суммасын билбеген жарандар үчүн абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн бөлүштүрүү компаниянын сайтында «Абоненттин балансы» рубрикасы иштейт. Анда «Түндүкэлектр» ишканасынын баардык абоненттери өздөрү каалаган убакытта өздүк эсебин көрө алат.

Андан тышкары, абоненттер ишкананын колл-борборуна 1209 кыска номери аркылуу салып, же WhatsApp тиркемеси аркылуу 0551 001209 номерине жазып өздөрүнүн балансын билсе болот.