1-марттан тарта бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат

Эгер коронавирус илдетин жуктургандардын жаңы учуру ушул динамикада сакталса, борбор калаада 1-марттан баштап бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Ошондой эле жыйында Түлөбаев, ушул жылы муниципалдык казынанын эсебинен 2 бала бакча жана 1 оорукана куруларын кошумчалады.