1-марттан тарта Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго жана саткандарга айып салынат

1-марттан тартып Ысык-Көлдө пластик баштыктарды жана буюмдарды колдонууга жана сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарында, парктык зоналарында жана көлдүн жээгинде полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана бардык пластик буюмдарды колдонууга жана сатууга тыюу салынды.

Бул жарандар үчүн эмнени билдирет?

• Пластик баштыктарды жана буюмдарды колдонуу жана сатуу боюнча тыюуну бузган жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берилет.

Эгерде бир жыл ичинде бул эреже кайрадан бузулса, төмөнкүдөй айып салынышы мүмкүн:

• Жеке жактар үчүн — 3 000 сом (30 эсептик көрсөткүч).

• Юридикалык жактар үчүн — 10 000 сом (100 эсептик көрсөткүч).

Бул чаралар Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында, президенттин 2023-жылдын 6-июнундагы Жарлыгына ылайык киргизилген.