1 миң 753 адам бюджеттин эсебинен гемодиализ алат

Кыргызстанда 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган 1 миң 753 бейтап бюджеттин эсебинен гемодиализ алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ММК фондунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жыл башынан бери фонд көрсөткөн гемодиализ кызматы үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарына 524,8 миллион сом которушкан. 

«Бүгүнкү күндө 33 медициналык мекеме, анын ичинен 29у жеке менчик жана мамлекеттик ооруканалардын төрт бөлүмү фонддун аймактык бөлүмдөрү менен келишим түзүп, бюджеттик программалаштырылган гемодиализди кошумча акы төлөбөстөн камсыз кылышат. Бейтапка берилген ар бир гемодиализ сеансы үчүн ММК фонду уюмдарга 4700 сом төлөйт», — деп жазылат маалыматта.