1-ноябрдан тарта Кыргыз жарандары үчүн Мисирге кирүүнүн жаңы эрежелери киргизилет
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги келип түшкөн маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисир Араб Республикасынын аймагына кирүүгө карата жаңы талаптар күчүнө кирерин жана алар кийинки билдирүүгө чейин колдонула тургандыгын маалымдайт.
Жаңы талаптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына да жайылтылат. Мисирдин компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, өлкөгө кирүүнүн төмөнкүдөй жаңы тартиби киргизилет:
1. Туристтик операторлордун кызматын пайдаланбастан саякаттаган жарандар үчүн
Мисирге туристтик оператордун катышуусуз барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары кирүү визасын алдын ала Мисирдин Астана шаарындагы Элчилиги же анын чет өлкөлөрдөгү башка ыйгарым укуктуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу тариздетүүгө, ошондой эле Мисирдин коопсуздук боюнча компетенттүү органдарынын алдын ала макулдугун алууга тийиш.
2. Туристтик компаниялар аркылуу туристтик максатта барган жарандар үчүн
Мисир Араб Республикасына туристтик топтордун курамында же туристтик компаниялар аркылуу барган Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкү эрежелер колдонулат:
- 16 жаштан 40 жашка чейинки адамдар жакын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири, тактап айтканда, атасы, апасы, күйөөсү же жубайы же баласынын коштоосунда саякаттоого тийиш.
- Саякатчылардын жанында кеминде 3 000 АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча болушу шарт. Үй-бүлө мүчөлөрү бирдиктүү топ катары чогуу саякаттаган учурда бир үй-бүлөгө талап кылынган накталай акчанын минималдуу суммасы 5 000 АКШ долларын түзөт.
3. Туристтик максатта келген жарандарга коюлуучу кошумча талаптар
- Туристтик компаниялар саякатчылардын мобилдик телефон номерлерин, алардын чет өлкөлүк же мисирдик номер экендигине карабастан, каттоого милдеттүү.
- Туристтик топтор үчүн Мисирде болуунун тиешелүү программасы алдын ала иштелип чыгууга тийиш.
- Мисирге келгенден кийин туристтик компаниялар туристтик топтордун катышуучуларынын паспортторун сактоого алып, өлкөдөн чыгып жатканда ээлерине кайтарып берүүгө милдеттүү.
- Эгерде туристтик топтун катышуучусу туристтик программада белгиленген күнү өлкөдөн чыгып кетпесе, туристтик компания бул тууралуу Мисирдин тиешелүү ыйгарым укуктуу органына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
- Саякатчыларга туристтик визада көрсөтүлгөн өлкөгө кирүү максатын башка максатка өзгөртүүгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын жарандарына сунуштар
Жаңы эрежелердин киргизилишине байланыштуу Министрлик 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисирге барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Кирүү визасын тариздөө үчүн Мисирдин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине алдын ала кайрылууну.
- Авиабилеттерди сатып алуудан мурда өлкөгө кирүүнүн актуалдуу талаптарын, анын ичинде туристтик сапарларга, үй-бүлө мүчөлөрүнүн коштоосуна жана акча каражаттарынын бар экендигин тастыктоого байланышкан шарттарды тактоону.
- Туристтик компания аркылуу сапар уюштурууда документтерди тариздөө тартибин, өлкөдө болуу жана андан чыгуу шарттарын алдын ала тактоону.
- Өлкөгө киргизүүдөн баш тартуу учурларын болтурбоо максатында сапарды пландаштырууда жаңы талаптарды эске алууну.
- Министрлик жарандардын өзгөчө көңүлүн жогоруда көрсөтүлгөн эрежелер 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кире тургандыгына бурат жана Мисир тараптын жаңы талаптарын эске алууга чакырат.
Ушуга байланыштуу, Министрлик 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисирге барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына туристтик визаларды тариздөө маселелери боюнча Мисир Араб Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине алдын ала кайрылууну сунуштайт (Мисир Араб Республикасынын Астана шаарындагы Элчилиги, телефондору: +7 (7172) 24-18-30, +7 (7172) 28-60-67, электрондук почтасы: embassy.astana@mfa.gov.eg; КР ТИМ Консулдук департаменти, тел.: 0999312002).