1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясы боюнча өзгөчө кырдаал режими жокко чыгарылат

1-ноябрдан тартып Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Кыргызстандын аймагында COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын 22-мартында калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялоосуна жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын учурларынын аныкталгандыгына байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташкан. Жарандардын арасында коронавирустук инфекциянын катталган бардык учурлары жеңил, же симптомсуз түрдө өтүүдө, оор же өлүмгө алып келген учурлар катталган эмес.