1-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасынан ID-карт менен өтүүгө болот

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 27-январда Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол иштей баштаганын билдирди.

Протоколго ылайык, 1-сентябрдан тарта Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жарандары эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү үчүн ID-карттарды колдоно алат.