1-сентябрдан тарта медкызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт. Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыкка өлкөдөгү медицина кызматкерлерине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу максатында кол коюлган.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жарлыкка ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 пайызга чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 пайызга чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10 пайызга чейин жогорулатылат.