1-сентябрдан тартып Венгриянын Бишкектеги элчилиги Италияга виза берип баштайт

Кечээ, 7-майда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин орун басары Манлио Ди Стефано менен онлайн режимде жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«Ниязалиев акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгиледи. Ал италиялык делегацияны 2021-жылдын октябрында Бишкекте өтө турчу «Европа биримдиги–Борбордук Азия экономикалык форумуна» катышууга чакырды.

Ал эми Ди Стефано Кыргызстандын Италиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттады жана эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын сентябрь айынан тартып Венгриянын Бишкектеги элчилиги Италияга виза берип баштайт. Андан тышкары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча Кыргызстандын чыр-чатактуу маселелерди чечүүдө дипломатиялык ыкмаларды колдонгону баса белгиленди. Ди Стефано кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, Италия тарап колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.