1-сентябрга чейин жүк ташуучу унаалардын күн ысыкта жолго чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди

Транспорт министрлиги 1-июндан 1-сентябрга чейин жүк ташуучу унаалардын күн ысыкта жолго чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилгенин эскертет.
Ага ылайык, саат 10:00дөн саат 20:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 градус жана андан жогору болгондо максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө убактылуу тыюу салынат.
«Урматтуу айдоочулар! Салынган жолдордун талкаланышына жол бербейли!» — деп жазылат маалыматта.