1 тонна сүмөлөктөн тышкары Баткенде Нооруз кандай майрамдалат? Программа

Эртең, 21-мартта Баткен шаарындагы борбордук стадиондо “Нооруз-2022” майрамы республикалык деңгээлде өтөт.

Салтанаттын жүрүшүндө:
— кол өнөрчүлүк, тамак аш, айыл чарба жарманкелери;
— улуттук классикалык күрөш мелдеши;
— «Баткен килемдери” аллеясы;
— 1 тонна сүмөлөк бышырылат;
— Баткен облусунун 3 район, 3 шаарлары тарабынан боз үйлөр тигилет;
— “Нооруз” театралдаштырылган прологу көрсөтүлөт;

— Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Нооруз майрамына арналган концерттик программа болот.

Концерттик программа кечинде да уланып, облус тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланат.

Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталат. Стадионго кирүү көзөмөлдүн негизинде жүргүзүлөт. Ал үчүн саат 09:00гө чейин кечикпей текшерүүдөн өтүү керек болот.