1-январдан тарта Төө-Ашуудан тоннель аркылуу өтүү кымбаттайт. Баалар

1-январдан тарта «Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн төлөмдөр өзгөрөт. Бул тууралуу «Кыргыз авто жол» мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.

• Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашпаган оруну бар транспорт каражаттары – жеңил транспорт каражаттары: ата-мекендик – 50 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 200 сом;
• Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
• Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары. Дөңгөлөктүү тракторлор: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
• Жүргүнчүлөрдү ташуу учун пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 тоннадан ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
• Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашкан, бирок 12 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
• Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
• Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан жогору, бирок 10 тоннадан ашпаган чиркегичтер: ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;
• Максималдуу эсептик ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган, олуттуу өлчөмдөрү менен мүнөздөлгөн жана чоң айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар): ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;

• Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 10 тоннадан ашкан чиркегичтер: ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;