1-январдан тартып Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана аялдама комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, 1-январдан тартып майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ишке ашырылууда.