10-12-февраль күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 10-12-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн.

Кар көчкү Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда түшүшү мүмкүн.