10-15-март күндөрү унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн

10-15-март күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу шашылыш билдирүүнү ӨКМден таратышты.

Алар төмөндөгүлөр:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу);
Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдары;
Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдары;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдары;
Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдары (Ийри-Суу тилкеси);
Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 60-94-чакырымдары (Кара-Гөө ашуусу);
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдары.

Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.