10-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 10-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүйдүн тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Нарын облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11;

Бишкекте эртең кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -6…-8 градуска чейин төмөндөйт.