«10 жыл жатаканада жашадым» деген Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусуна үй беришти

Кечээ, 15-августта Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, балбан Акжол Махмудов жана дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Ошко барышты.

Ош мэриясы Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы, 1 миллион сом тапшырды. Ал эмии анын жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге Ош шаарынан 2 бөлмөлүү үйдүн ачкычы жана 500 миң сом тапшырылды.

Буга чейин Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин жатаканада жашаганы айтылып, үй бөлүп берүүнү суранып жатышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Беганас Султанбаевдин өзү менен байланышкан.

«Азыр жатаканада жашабайм, бирок 10 жыл үй-бүлөм менен жатаканада жашап келгеним чын. 4 жылдан бери Ош шаарынын четиндеги жер үйдө жашап жатабыз, бирок кышында шаар ичинен батир ижарага алып кыштайбыз. 3 уулум, 1 кызым бар. Мунарбек медаль алып келсе, мени да карашат деген үмүтүм бар. Машыктыруучу катары мен жөнүндө жаман сүйлөп жаткандарга айтарым, мен көргөн кыйынчылыкты эч ким көргөн жок. Мунарбек өзү келсе, кайрылуу жасайт деп ойлойм», — деген ал.