10 жылда мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 13,5 миң сомго көбөйгөн

Мындан 10 жыл мурун деле мугалимдердин орточо айлыгы 3500 сомду түзгөн. Эми айына 17 миң сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, эмгек акынын жогорулашы мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин азайтууга жардам берген. «Эгер 2012-жылга чейин жыл сайын тартыштык 3,5-4 миң адамды түзсө, 2020-жылы 700гө жакын адамды түзгөн»,— деп айтылат маалыматта.