«10-май иш күн деп жарыяланды». Эс алуу күнү 30-августка жылдырылды

Мыйзамга ылайык, 9-Май Жеңиш күнү жекшемби күнгө туш келип калгандыгына байланыштуу, эс алуу күнү майрам күндүн эртеси күнкү иш күнгө жылдырылышы керек болчу, тактап айтканда 9-май жекшембиге туш келип калгандыктан 10-май эс алуу күнү болушу керек эле. Бирок дем алыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында өкмөт 10-майдагы эс алуу күнүн башка күнгө — 30-августка жылдырууну чечти.

Ошондуктан, 10-май иш күн деп жарыяланды. Эми кыргызстандыктар августта 4 күн катары менен эс алышат. 27-28-август (ишемби жекшемби), 30-август (10-майдын эсебинен), 31-август (Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү) эс алуу күн деп жарыяланды.