«10 миңден ашуун адам келди». Ош шаары Жаңы жылды кандай тосту? (сүрөт)

Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы белгиленип, ага 10 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар мэри Алмаз Мамбетов он миңдеген жарандар менен Жаңы жылды аянттан тосуп, калаа тургундарын жана конокторун куттуктады.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков да катышты. Майрам фейерверктер менен коштолуп, концерттик программалар тартууланды.