10-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирустун 570 жаңы учуру катталып, 3 адам каза тапты

10-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 570 жаңы учуру катталып, 3 адам каза тапканын коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб билдирди. Эки адам Бишкекте, бир адам Ош облусунда каза болгон. Пандемия башталгандан бери республикада инфекциянын 63 960 учуру аныкталды. Анын ичинен бүгүнкү күндө 3 миң 444 бейтап медициналык жайларда дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат тарады, ага ылайык:

* 56 бейтап — канааттандыраарлык абалда;
* 2259 бейтап — орто оордукта;
* 988 бейтап — оор абалда;
* 141 бейтап — өтө оор абалда.
Өлкөдө илдеттен 1 миң 185 жаран көз жумду.