10-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 10-ноябрда Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.  Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт.  Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 суук, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.