Эртең, 10-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусутарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +25…+27° жылуу болот.