10-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 10-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында ​түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +14…+19 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°, күндүз +18…+20° болот.