«100-110 миң сомдон алышат, уят». Депутат «эң жогорку пенсиянын өлчөмүн чектөөгө болобу?» деген суроо салды

«Жогорку пенсиянын өлчөмүн, мисалы, 50-60 миң сомго чейин чектөөгө болобу?» — деп сурады депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында.

Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев азыркы мыйзам боюнча эч кандай чектөөлөр жок деп жооп берди. «Бирок чектөөнүн кереги барбы? Ким көп төлөсө, ал көбүрөөк алат», — деди Алиев.

Депутат 100 миң сом пенсия алгандар бар экенин айтты. «Кечээ 110 миң сом алган адам бар экенин билдим. Бул уят. Айылдарда 2-3 миң сом пенсия алышат. Өмүр бою колхоздо иштегендер 3000 сомдон алышат. Чек болушу керек. Караса болобу?» — деп сурады Токторбаев.

Соцфонддун жетекчиси мындай учурда мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деп жооп берди.