«100 бактылуу адам акча алат». Фейсбукта Айгүл Жапарованын атынан ачылган фейк баракчага ишенбөө эскертилди

Фейсбук социалдык тармагында биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма аккаунт ачып, жалган билдирүүлөрдү таратып жатышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.

«Окурмандарга ал маалымат жалган экенин жана ишенбөөнү эскертебиз»,- деп айтылат маалыматта.