«100 боз үй, 20дай чатыр». Түркияга эки учак гумжардам жөнөтүү камылгасы көрүлүүдө

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркияга эки учак гуманитардык жардам жөнөтүү камылгасы көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Боордош түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат. Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет»,- деп айтылат маалыматта.