Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиев туулган күнүн өткөрдү. Ал социалдык тармактагы баракчасына майрамдан видеолорду бөлүштү.
Даниель Ажиев ага арналган иш-чаранын аягында ресторанга төлөнгөн чекти жүктөгөн. Анда 600 миң сомдон ашык каражат кеткенин көрүүгө болот. Ошондой эле тамаданын тойдо 100 долларлык купюраларды берип жатканын көрүүгө болот.
Даниель Ажиев 2018-жылы өз батиринде вебкам-студия уюштургандыгы, порнография тараткандыгы үчүн соттолгон. 2020-жылы пандемия учурунда алты миллион кыргызстандыкты Инстаграмдагы баракчасы аркылуу сөккөндүгү үчүн кармалып, кийин соттун чечими менен Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык диспансерде мажбурланып дарыланууга жөнөтүлгөн.