Бүгүн, 25-декабрда Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2024-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары жана 2025-жылга пландары боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
Жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерди кызыктырган суроолорго да жооп берди.
Социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу аркылуу региондордо инфраструктураны өнүктүрүү максатында 2024-жылга бекитилген Тизмеге ылайык, 554 объектке 25,4 миллиард сом каралган, анын 11,6 миллиард сому учурдагы каржылоону түзөт.
Бир жылдын ичинде 230 объекттин курулушу жана оңдоп түзөө иштери бүткөрүлгөн.
- 100 мектеп;
- 45 бала бакча;
- 16 саламаттык сактоо объектиси;
- 9 маданият объекти;
- 416 спорт комплекс;
- 412 турак жай;
- 22 таза суу менен жабдуу объектиси;
- 10 башка объект.
Быйыл курулуш процессин тездетүү үчүн “Кыргыз Курулуш” мамлекеттик ишканасы ачылып, азыр бир айдын ичинде курулуштар башталууда. Мурункудай жарым жыл күтүүгө муктаж болбой, тендердик системада жакшы шарттар түзүлдү. Мисалы “Кыргызкурулуш” Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду 70 күндө бүтүрүп берген болсо, Каракол шаарындагы стадиондо иш кызуу жүргүзүлүүдө.