«100 миң сом берилди». «Манас» аэропорту 5 миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи

Кечээ, 29-декабрда «Манас» эл аралык аэропорту» биринчи жолу 5 миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи. Бул тууралуу аталган аэропорттон билдиришти.

Юбилейлик жүргүнчү деп маалымат базасына катталып, Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген жаран табылды. Бул маанилүү жетишкендикти белгилөө үчүн «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өттү. Жүргүнчүлөр үчүн күтүүсүз болгон иш-чаранын алкагында ийгилик Абай кызы Наркизага жылмайып, ал 5 миллионунчу жүргүнчү аталды. Манасбек Самидинов аталган жүргүнчүгө аэропорттун корпоративдик белектерин жана 100 миң сомдук сертификат тапшырды.