Бүгүн, 20-августта УКМК маалымат таратып, Айыл чарба министринин орун басары жана ветеринардык кызматтын директору айыл чарба малдарын экспорттоого квота бөлүштүрүүдө коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалганын билдирген.
Буга чейин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында ветеринардык кызматтын директору боюнча кеп козгоп, «ага ар бир малдан 100 сомдон чогултуп беришет» деген.
«Улукбекке 100 сомдон деп акча чогултушат экен. Мен бир нече ишкерлерден сурап, тастыктадым. Ушул трибунадан УКМК төрагасына кайрылат элем»,- деген депутат.