Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте журналист Шайырбек Абдырахман уулунун улуу баянды кара сөз түрүндө айткан 104 сериялуу “Манас баяны” көрсөтүүсүнүн таанытым иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу «Манас» театрынан билдиришти.
Келген конокторго “Манас баяны” көрсөтүүсүнүн 104-сериясы көрсөтүлүп, улуу баяндан үзүндү айтылды.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө журналисттинэмгегине колдоо көрсөтүү максатында жаштар жамаатынын атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Шайырбек Абдырахман уулу эми мындан ары улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Семетей” эпосунун 3 томдугун калың журтка кара сөз менен айтып берүү алдында турат.