«104 турак үй, 8 дүкөн, 3 чек ара бекети…» Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин чыгымды аныктоо иштери жүрүүдө

иллюстрация

Чек арадагы окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, аймакта келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, облуста жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1 ҮДТ, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куйуучу жай, 8 дүкөн күйгөн.

«Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин чек арадагы болуп өткөн окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча буйругуна ылайык, өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иш аракеттери жүрүүдө.

Болуп өткөн окуялардан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.