11-13-апрель күндөрү тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, 11-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Маалыматка караганда, кар көчкү Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусунда түшүшү мүмкүн.