11-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 11-апрелде түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарын облусунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +26…+28° жылуу болот.