Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-апрелде өлкөдө күн ачык болот. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…6, күндүз 14…19;
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 13…18 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 17…19 градус жылуу болот.