Чынара Өмүрбек кызы 35 жашта. Каарманыбыз өзүнүн балдары, эжеси жана анын балдары болуп Бишкектеги чыгыш автобекетинин айланасында эски мончону үй кылып жашашат. Эже-сиңдилер турмушунан ажырашкан, балдарынын жалпы саны — 11. Өмүрбек кызы “Жашап жаткан жерибизди тез арада бошотуп беришибиз керек. Элдин жардамына муктажбыз” дейт.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0500 40 22 88.
«Бизди көп балалуусуңар деп батирге албай койгонунан мончодо жашап жатабыз. Бирок бул жерден да чыккыла дешүүдө. Эжемдин 5 баласын баш калкалоочу жайга алып кетип калышты. Мен берген жокмун. 6 балам бар. 20 күндөн бери батир таппай, балдарга көңүл бура албай жатабыз. Бул жерди «ремонт кылабыз» дешти», — деди ал.