11-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 11-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,

Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10,

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -3…-5 градус болот.