11-июль — Кыргызстанда иш күн эмес

Июль айында кыргызстандыктарды узакка созулган эс алуу күндөрү күтүп жатат. Муфтият Курман айттын датасын жарыялап, ал ишемби күнү, 9-июлга белгиленди.

Эмгек кодексине ылайык, майрам күн дем ​​алыш күнгө туш келсе, кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Бирок беш күндүк иш графиги менен иштеген жарандарга гана. Ошентип, 11-июль, дүйшөмбү иш күн эмес.