11-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 11-июлда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.