11-класстын окуучусу Айдар Мундузбаев информатика боюнча эл аралык олимпиадада экинчи орунду ээледи

Кыргызстандык окуучу информатика боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медаль жеңди. 28-августтан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышкан. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев XXXV Эл аралык информатика боюнча олимпиадада күмүш медаль жеңип алды.

International Olympiad in Informatics — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 355 окуучу барды.

Эл аралык олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын көрсөткүчү:

1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаары, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — күмүш медаль;
2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаары, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — коло медаль;
3. Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;
4. Байторо Майрамбеков, Талас шаары, “Манас-Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу – ардак грамота.

Кыргызстандын тарыхында буга чейин информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада күмүш медаль болгон эмес.