11-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 11-мартта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз +14…+16° жылуу болот.