11 миңден ашуун милиция кызматкери шайлоонун алдында күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

8-январдан тартып өлкө ичинде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымат таратышып, тийиштүү буйрукка аталган министрликтин башчысы Улан Ниязбеков кол койгонун билдиришти.

«Укук тартибин коргоо үчүн шайлоодо 11 миңден ашуун милиция кызматкерлери иш алып барат. Бүгүнкү күндө шайлоо тилкелеринде 5 миңдей милиция кызматкерлери иштеп жатышат. ИИМдин кызматкерлери шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыздоого толугу менен даяр», — деп жазылат маалыматта.