Royal
SerepTV Logo

11-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 11-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +16…+21. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус болот.