11-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;

Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүз +25…+27° жылуу болот.