11-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 11-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -7…-12;

Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -5…-10;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -9…-14;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -8…-10 градус болот.