Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу алдыдагы 12-13-14-августтарда жайлоодо эс алууну, бийик чокуларга чыгууну, альпинизмге кызыгуучулар эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Алыска жолго чыгууну пландасаңыз зарылчылыгы болбосо, убактылуу токтотуп туруңуз. Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатаарын эсиңизден чыгарбаңыз», — деп айтылат маалыматта.