«12 адамдын кучагы жетпеген даракты кыйып, ордуна тай казан курганы жатышат» дейт журналист

Журналист Алмира Абидинова социалдык тармактагы баракчасына Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Көңдүк айылындагы 12 адамдын кучагы жетпеген дарак кыйылып жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.

«Мыкаачылыктын, зөөкүрлүктүн, караңгылыктын жеткен чеги… Айылыбыздагы кылым аша жашаган даракты кыйып башташыптыр. Атүгүл алы жетпей өрттөп да көрүшүптүр. Ушуга кимдин колу барды? Жүрөгү таш адамдар… Сөз таппай, жүрөгүм кансырап турат. Бул жерге тай казан курушат имиш. Эрежеси жок, акыркы жылдары адам өмүрүн алып жаткан ат оюнун чектөө керек болуп калды. Табият менен душмандашкан акылсыздарга эмне деп айтса жарашат?! 2019-жылы айылга барганда сүрөткө түшүп сиздерге бир мактандым эле. 12 адамдын кучагы жетпеген даракты кыйып эмне табышат экен эми», — деп жазды ал.