12-апрелден тарта Бишкектеги бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн-форматка кайтат

12-апрелден баштап Бишкек шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү процесси онлайн-форматка өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мындай чечим борбордук мэрияда шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунда кабыл алынган. Отурумда онлайн режиминде окутуу жөнүндө атайын чечим кабыл алынып, бул чечим эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча күчүндө болот.

14 участкалык шайлоо комиссиясы иштеген бала бакчаларда, билим берүү процесси 8-апрелден баштап онлайн режимине өткөрүлөт. Мындай чаралар акыркы бир жумада коронавирус жана пневмония менен ооругандардын көбөйүшү жана борбордогу эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу киргизилип жатат.